Жалал-Абад шаарында топ балдар тарабынан сабалган 26 жаштагы жаран каза болду. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жабырлануучу бүгүн саат 10:00 чамасында каза болгон.

Милиция «Бейбаштык» жана «Ден соолукка залал келтирүү» беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду. Окуяга шектелип 4 жаран кармалган, алар соттун чечими менен 2 айга камакка алынды.

Эске салсак, 9-сентябрда Жалал-Абад шаарында жаш балдардан турган топ 26 жаштагы жигитти сабап салышкан. Ал облустук ооруканананын жандандыруу бөлүмүндө жатканы кабарланган. Биздин аймактык кабарчыбыз Тазагүл Шамшиева окуянын чоо-жайы менен таанышып кайткан.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.