Жалал-Абад шаарынын Чыңгыз Айтматов аймактык башкаруусуна караштуу 120 кожолук тургундар бир апта бою таза суунун жоктугунан кыйынчылык тартып келишкен. “Жалал-Абадсууканал” башкармалыгына тарабынан бул көйгөй жоюлуп, азыркы тапта шаардыктар таза суу менен толук камсыз кылынды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Турдалы Темирбаев билдирди.

Эскерте кетсек, айрым массалык маалымат каражаттары аркылуу шаардагы 170 кожолук эл эки айдан бери суусуз кыйналып жатканы тууралуу маалымат таркаган. Бирок, аны шаар бийликтери бул маалыматты четке кагышууда.  

-Биринчиден, 170 эмес, ал жерде 120 кожолук эл жашап турат. Экинчиден, эки ай бою суусуз калышкан эмес, убак-убагы менен суу берилип турган. Бирок, суу насосунун күйүп кеткенине байланыштуу акыркы бир аптада суусуз калышкан.Себеби, өз убагында “Жалал-Абадсууканал” башкармалыгына бул тууралуу кабар беришпеген. Качан гана башкармалыкка кабар жеткенде, алар тийиштүү чараларды көрүштү, азыр эл толугу менен суу ичип жатат. Эч кандай көйгөй жок, – деп билдирет Т. Темирбаев.  

Алынган маалыматтарга караганда, 120 кожолук эл мурда убак-убагы менен гана суу менен камсыз болуп келишсе, эми үзгүлтүксүз камсыз болушту.  

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз