2018-жылдын 4-ноябрь күнү саат 11:30 чамасында Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кыз-Көл айыл аймагына караштуу Сары-Булак айылында көлөмү болжол менен 50 м3 болгон жер кыртышы сүрүлгөн. Турак үйлөргө коркунуч жок. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

ӨКМнин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын ыкчам тобу жерине барып маалыматты такташып, тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз