Кытайдан 1 млрд. долларга жакын насыя алып түндүк-түштүк альтернативдүү жолун салабыз дегендердин коррупциялык иштери ашкереленип, анын башында тургандардын айласы кетип турган чактары. Килограммы 5 сомдук цементти 77 сомдон алды кылып документтештирип, акчаны башка тармактардан да уурдагандар бүгүнкү күндө элдин башын айлантууга өттү.

Маселен, жакында эле экс-президент Алмазбек Атамбаевдин арыгын чапкан АKИpress сайты “Түндүк-түштүк – келечекке жол” деген жарым сатттык тасма тартып, аны болушунча таратып жатат. Бул сайттын ээси Марат Тазабеков Фарид Ниязовдун жакын кишиси жана аталган тасманы анын “кожоюуну» заказ берип тарттырганын ишенимдүү булактар кабарлады. Ал эми анын тиешелүү интернет сайттары, телеканалдар күнү-түнү көрсөтүп “жол салуу оңой эмес, түндүк-түштүк жолу ушундай азап менен курулуп жатат, андагы коррупциялык иштерге көңүл бурбаш керек” деген ойду элге таңуулоодо.

Буга чейин экс-президентке таандык деп айтылып келген “7-канал” да 26-августтун кечинде дал ушул тасманы көрсөттү. Болгондо да кыргызча вариантын.
Эми бул — кыргыз элин келесоо ойлоп башты айландырып жаткан абдан жийиркеничтүү көрүнүш. Жол салуу кандай болорун, туннел курууда кандай каражаттар кетип, ага керектелүүчү шаймандар кайсы жактан ташылып келерин эл деле жакшы билет. Андыктан түндүк-түштүк альтернативдүү жолундагы коррупциялык иштерди мындай жасалма тасмалар менен жаба албайт. Насыядан уурдагандардын абийири жакында ачылат.
Баса, ар бир жасалган иштин өзүнүн баасы болот. Ушул эле альтернативдүү жолдун түйшүгүндөй түйшүгү бар жолдор башка мамлекеттерде да курулган, курулуп атат. Ошолорго салыштырмалуу бизде курулуп аткан альтернативдүү жолдун курулушуна алдаканча көбүрөөк каражат сарпталып атканы ачыкка чыга баштады. Ал каражаттар кимдердин чөнтөгүн кампайтып келгени да жашыруун болбой турат. Андыктан эми “жол куруу деген азап жумуш, андагы коррупциялык иштерге көңүл бурбай эле коюш керек” деген сыяктуу маалыматтык саясат жүргүзүү башталганын көрүп турабыз. Мындай аракетке жол бербешибиз керек. Мамлекетке келтирилген ар бир тыйын зыян үчүн жоопкерчилик каралууга тийиш.

Жаныбек Атамбек

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз