2017-жылга салыштырмалуу 2018-жылы жайыт пайдалануу үчүн чогулган каражат 24 миллион сомго көбүрөөк же 152 млн сомду түздү. Бул туралуу “Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү” жана “Жайыттарды жана мал чарбачылыкты жакшыртуу” долбоорлорунун аткаруучу агенттиги, Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмүнүн шериктеши Жайыт, мал чарба жана балык чарба департаменти билдирди.

Чогултулган каражаттын көпчүлүк бөлүмү жайыттардын инфраструктурасын жана абалын жакшыртууга жумшалат.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз