Үстүбүздөгү жылдын 29-июлунда Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районундагы Башарин жайлоосундагы «Заря» жайлоо өнүгүү борборунда «Баланын креативдүү сапаттарын өнүктүрүү» темасында семинар болуп өттү. Бул тууралуу “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун маалымат кызматы билдирди.

Заря корпоративи балдарга таттууларды таратып көңүлдөрүн көтөрүшсө, жергиликтүү бийлик, райондук билим берүү бөлүмү тарабынан ЖӨБ каржы жагынан жардам беришти. Ысык-Көл облустук билим берүү институтунун кызматкерлери эстафета оюндарын ойнотушуп, шурудан билээрик жасоо боюнча мастер класстарды көрсөтүштү.

Ысык-Көл облусу боюнча ЖӨБ координатору Эльмира Узакова: «Балдардын өз колунан жасалган буюмдарынын көргөзмөсү болду. Көргөзмөгө тобурчактан жасалган парда, жаныбарлар жана таштан боелгон доминолорду коюшту. Ошондой эле жайлоо өнүгүү борборунун тарбиялануучуларынан чакан концертке дагы күбөө болдук, жети жаштагы Нурэл “Кыялымда булуттар” темасындагы өз ой чабыты менен жаралган чыгармасын айтып берип, бизди таң калдырды», дейт.

ЖӨБ жетекчиси Г.Абыкеева балдарга кеңсе буюмдарын жаңы окуу жылына карата белек кылды.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.