Categories

Кыргызстан Индияны 2:1 эсебинде жеңди

 Борбор калаа Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков стадионунда өткөн футбол боюнча Азия-2019 чемпионатында Кыргызстан менен Индиянын курама командалары беттешке чыкты.

 Оюндун башталаары менен улуттук команданын оюнчусу Антон Землянухин Индиянын дарбазасына топ киргизип эсеп санын ачты. Биринчи 45 мүнөттүк бөлүк ушуну менен өзгөрүүсүз аяктады.

 Ал эми экинчи бөлүктүн 71-мүнөтүндө Бактияр Дүйшөбековдун ашырып берүүсү менен Мирлан Мурзаев экинчи голду киргизе алды. Андан бир аз убакыт өткөн соң Антон Землянухин жаракат алып оюн талаасын таштап кетүүгө мажбур болду. Бирок оюндун 86-мүнөтүндө индиялык спортчулар да Кыргызстандын дарбазасына бир топ киризүүгө жетишти.

 Натыйжада 2:1 эсеби менен улуттук команда атаандаштарын багындырды. Стадиондогу эл кыргыз футболчуларын катуу сүрөөн менен кол чаап оюн талаасынан узатышты.

 Ал эми 1 упай менен жеңилип калган Индия курама командасынын башкы машыктыруучусу кыргыз курама командасынын жеңиши менен куттуктап, даярдык жакшы болгонун белгиледи. Албетте, женилүү ызаасын тартуу аларга да оңой болгон жок. Канткен күндө да Индия курама командасы оюн талаасында татыктуу оюн көрсөтө алды дейт.

“Биринчиден, мен улуттук курама команданы, жалпы кыргызстандыктарды жеңиши менен куттуктайм. Анан албетте, биздин курама команда деле оюндун биринчи бөлүгүндө абдан жакшы ойноду. Бирок, экинчи бөлүгүндө биринчи оюн көрсөткөндөй деңгээлге жете алышкан жок. Буга башка өлкөдөн келгендиктен климаттык абал да таасирин тийгизиши мүмкүн. Эмне демекчимин, 2019-жылы Араб Эмиратында өтө турган чемпионатта көрүшөбүз”, – деди Индия курама командасынын башкы машыктыруучусу.

Ал эми кыргыз курама командасынын башкы машыктыруучусу улуттук курама команданын Азия чемпионатына алгачкы ирет чыгып жатканы тарыхый окуя экенин белгиледи. Бул учурда жеңишине жетине албай сүйүнүп жаткан оюнчулар маалымат жыйында колдоруна суу көтөрө кирип, машыктыруучунун башынан ылдый суу чачып кеткени таң калтырды.

Александр Крестинин КР футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу:

“Биринчиден, жеңиш үчүн абдан кубанып турган чагыбыз. Албетте, оюн оңой болгон жок. Буга чейинки машыгуунун жыйынтыгын көрүп турабыз. Эми буюрса улуттук команда менен Бириккен Араб Эмирлигинде өтө турган чемпионатка даярдыктар башталат”, – дейт.

 Эске сала кетчү жагдай, улуттук курама команданын Азия кубогуна жолдомо алганы үчүн футбол федерациясы улуттук командага 120 миң доллар акчалай сыйлык тапшырды.

 Эми кыргыз футболчулары 2019-жылы Бириккен Араб Эмирлигинде өтө турган Азия кубогунун финалдык турниринде ат салышмакчы.

 

Булак: NewTV

 
Categories

Индиялык жаштар эмнеге Кыргызстандан билим алууну каалашат?

Кыргызстанда 2017-2018-окуу жылында Индия, Пакистан, Россия жана Тажикстандан жана башка бир катар өлкөлөрдөн келип билим алып жаткан студенттердин саны 15 миңге жетти. Мындай көрсөткүчтү Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстандагы билим берүү жаатынын жетимдүү жана арзан экендиги менен байланыштырат.

Индиянын да билим алууга ынтызар жаштарынын айрым бөлүгү кыргыз жергесине билим алууга келишет. Анткени, эгер алар өз өлкөсүндө билим алышса, каражатты көбүрөөк жумшоого туура келет.

Депутат Дастан Бекешев: “Кыргызстанга чет өлкөлүк студенттер керек. Алар өлкөнүн экономикасын көтөрүүгө салым кошушат”, – деди.

Бул тууралуу бүгүн “Күнжүрүш” маалымат программасынан саат 20:00дөн 21:00гө чейин көрүңүздөр.

 
Categories

Ракка кабылган наристелердин арасында Ош, Жалал-Абад аймагынан келгендер көп

Соңку кезде рак илдетине чалдыккан балдардын
саны көбөйдү. Алардын басымдуу бөлүгү  Ош, Жалал-Абад облусунун тургундары экенин
маалымдашат адисттер.  Коркунучтуу дарт
өзгөчө  бешиктен бели чыга элек балдарды
тооруп жатышынын анык себебин азырынча аныктоо мүмкүн эмес. Ошентсе да, айлана-
чөйрөнүн булганышы, түрдүү  кошулмалары
бар тамак -аштардын көбөйүшү  рак
клеткаларынын өрчүшүнө  таасирин
тийгизүүдө  деп болжошот.
  


Алтынай ата – энесинин бешинчи перзенти, Улуттук онкология
борборунун балдар бөлүмүндө  дарыланып
жатканына  эки жылдай болуп калды. Биринчи кыздын ичи менен буту ооруган. Дарыгерлер ага
не деген гана дарттардын аныктамасын коюшпаган. 
Атүгүл кургак учукка шектелип,  ал
жактан дагы дарыланган. Учурда төртүнчү химиятерапиясын алып жатат.  Күчтүү дарылардын таасириби,  же оорунун кесепетиби ачылып сүйлөп, оюнга
деле алаксыбайт. Соңку кезде   түстүү 
кагаздардан түрдүү  гүлдөрдү  жасап, 
 гипстен куюлган жаныбарлардын
калпын боеп убактысын өткөрөт.

 

 Бешиктен бели чыкпай жатып, боордун рагына чалдыккан
Темирлан болгону бир жарым жашта. Баса элек жатып илдет менен күрөшүп,  үчүнчү  нурлуу терапиясын алууда. Дарыгерлердин
айтымында, терапиясы   бүтсө,    операция
жасалалат. Буга чейин Ошто дарыланган Темирландын акыбалы борборго которулганы  жакшыра баштаганын айткан эненин көзүнөн
үмүттүн оту жанат.

Жыл өткөн сайын рак
оорулары жашарып, илдет жерден боорун көтөрө элек балдарды тооруп баштаганы
өкүнүчтүү. Статистикага  таянсак,  рак дартына жылына эки жүздөн ашуун  бала кабылып, өспүрүмдөр арасындагы илдет жыл
сайын 25 пайызга өсүп жатканы маалымдалат. Элүү балага чакталган Улуттук
онкология борборунун балдар бөлүмүндө эле учурда элүүдөн ашуун бала дарыланып
жатат.

 

 Улуттук онкология борборундагы балдардын онкология
бөлүмүнүн башчысы Гүлнара Жунушалиева
нын айтымында,  
рак илдетине кабылгандардын дээрлик тенинен көбү ак кан менен ооругандар.
Мындан он жыл мурун, бул дарттан айыкпай, жашабай жатып соолуган өмүрлөр көп эле.
Илдет  менен күрөшүүдө дүйнөлүк жаңы
тажрыйбаны колдонуп жатабыз деген дарыгерлер, азыр бейтаптарга амбулатордук
дарылоону да сунуштап, баарын тең оорукананын төрт дубалына камабай үйгө да кое
берип жатканын айтышат.

 

Жаш балдарды тооруп жаткан бул илдеттин көбөйүшүнүн себеби азырынча  толук аныктала элек. Ошентсе да бейтаптардын
басымдуу бөлүгү Ош менен Жалал Абад аймагынан келип жатканы көп суроо жаратат.
Адистер муну айлана- чөйрөнүн  булганышы
менен уран калдыктары бар аймактардын таасири деп болжошсо, күнүмдүк колдонуп
жаткан тамак -аштардан болбойт деп эч ким кепилдик бере албайт.

Кандай гана илдет
болбосун, баарын өз убагында алдын алган жакшы. Тилекке каршы,  соңку учурга чейин кандай дарт экенин билбей,
рактын акыркы стадиясында гана онкологияга кайрылгандар да бар. Мындан улам
акыркы эки жылда эле кыркка чукул бала жашабай жатып көз жумушкан. Анан калса,
республика боюнча бул жаатта дассыкан адистер дагы аз. Улуттук онкология
борборунда бар болгону 10 дарыгер болсо, Ош облусундагы бейтаптарды эки гана
адис карайт. 


 

Булак: NewTV

 
Categories

Алматыда 153 томдон турган жана 500 күбөсү бар иш боюнча сот башталды

28-мартта Алматынын кылмыш иштери боюнча райондор аралык сотунда «Адыл Кытай» деп аталган кылмыштуу топтун лидери жана мүчөлөрү делген 12 шектүүнүн иши боюнча болжолдуу угуулар башталды.

500гө жакын күбө суралып жаткан кылмыш иши 153 томдон турат. Айыпталуучуларга карата кылмыштуу топ түзүү, адам өлтүрүү, алдамчылык жана пара берүү беренелери боюнча айып тагылган.

Былтыр май айында өлкөнүн Улуттук коопсуздук кызматы Алматыдагы Ауэзов РИИБсинин мурдагы башчысы Касабеков менен бирге кылмыштуу топтун мүчөсү делген адамдар кармалганын билдирген.

Комитеттин маалыматына караганда, кармалган адамдар ишкерлерден акча талап кылуу, Казакстан менен Кытайдын чек арасы аркылуу аткезчилик каналдарды уюштуруу жана адам өлтүрүү менен алектенип жүрүшкөн.

Ноябрда Касабеков пара алуу жана кызмат абалын кыянат пайдалануу беренелери боюнча күнөөлүү деп табылып, беш жылга эркинен ажыратылган.

 
Categories

Тажик жарандары Кемероводогу өрт маалында 50дөн ашык кишини куткарган

Кемерово шаарында жайгашкан «Зимняя вишня» соода борборундагы өрт маалында кийим-кече саткан дүкөндө иштеген беш тажикстандык 50дөн ашык кишини куткарып калган.

Бул тууралуу көптөгөн ММКлар жана социалдык түйүн колдонуучулары жазышты. Алар адамдардын дүкөндүн кошумча эшиги аркылуу чыгып кетишине жардам беришкен.

«Имараттан тез арада чыгып кетүүнүн жолун таппай, эмне кыларын билбей топтолуп турган адамдарды көрдүк. Арасында карылар жана балдар дагы бар экен. Айрымдары тумчуга башташкан. Биз алардын баарын дүкөндүн артындагы кошумча эшик аркылуу сыртка чыгардык», — деди куткаруу иштерине катышкан тажикстандыктардын бири Фарзон Салимов.

Анын айтымында, андан кийин алар соода борбордун башка бөлүгүндо турган адамдарды, анын ичинде майыптар арабасындагы эки кишини куткарышкан.

Фарзон Салимов Орусияда 2003-жылдан бери жашайт. Окуу жайды ошол жерде аяктап, орус жарандыгын алган. Учурда үй-бүлөсү менен Кемерово шаарында жашайт. Өрт маалында адамдарды куткаруу иштерине анын менен бирге «Зимняя вишня» соода борборундагы кийим-кече саткан дүкөндө иштеген Тажикстандын төрт жараны катышкан.

Расмий маалыматтар боюнча соода борборундагы өрттөн 64 адам каза тапкан.

 
Categories

Алматы көчөсүнөн – Шабдан Баатырга… Эми 7-апрель. Көчөлөрдүн “жанын” качан тынч коебуз?

Борбор калаадагы көчөлөрдүн аттарын
алмаштырууга 2028-жылга чейин тыюу салынат. Мындай мораторийди шаардык кеңештин
депутаттары кезектеги сессияда кабыл алышты. Бирок,  бул чечимдин күчү калаадагы эки көчөнүн
ысымын  өзгөртүүгө тиешеси жок. Алар Чүй
көчөсү менен Шабдан Баатыр көчөсүнүн кесилиши жана ошол эле көчөдөн Мухтар
Ауэзов көчөсүнө  чейинки аралык. Соңку
кезде көчө  аттарын тынымсыз өзгөртүп
туруу адатка айланып баратканын белгилеген  шаар тургундары нааразы болушууда.

 

 Кезинде аты Алматы, кийин Шабдан Баатыр деп
өзгөргөн көчөнүн  ысымы жакында дагы
алмаштырылганы жатат. Бул ирет демилгечилер көчө ысымын 2010-жылкы апрель
окуясында курман болгондордун урматына арноону туура көрүштү. Демилгени эгер
шаардык кеңештин депутаттары колдоп, документке кол коюлуп кала турган болсо,
анда Шабдан Баатыр көчөсү Чүй кесилишинен баштап калаанын түштүгүнө чейин көчө “7-апрель
көчөсү” деп өзгөртүлөт.


Ошол эле учурда  Шабдан Баатыр деген ысымды кайда коебуз деген
суроо туулат. Тың демилгечилер анын да амалын табышыптыр, аталган кесилиш
көчөдөн баштап тээ “Аламүдүн 1”  кичирайонундагы  Мухтар Ауэзовго   чейинки көчөгө  баатырдын ысымын ыйгармай болушуптур. Мындай демилгелерге
калаа тургундары көнүп деле бүтүштү, азыр борбор калаадагы айрым көчөлөрдүн эки
– үчтөн аталышы бар. Көчөлөрдү эл союз убагында аталышы менен атап жаңы атына
көнө элек учурда дагы бир аттын чапталышы башты айландырат. А Шабдан Баатырдын
ысымы узун көчөнүн үчтөн бир бөлүгүнө ыроолонгону баш айланууну ансайын
күчөтөөрү бышык.     Анткени, 
Чүй кесилишине чейин Курманжан Датка, андан ары Шабдан Баатыр болуп
кетет.

 

 Аталган көчөнүн ысымын “7-апрель”  деп  өзгөртүү 
демилгеси былтыр эле көтөрүлүп, шаардык кеңештин кароосуна сунушталган.
Бирок,  депутаттар 2018- жылдын апрелине
чейин  көчөлөрдүн аттарын которууга тыюу
салган мораторий кабыл алгандыктан, документ каралбай калганы маалым. Мораторийдин
мөөнөтү  аяктаган соң шаардык кеңештин
депуттары  документти кезектеги  отурумунда карашты.   


 “Ооба,
шаардык кеңештин кезектеги отурумунда бул маселе каралды. Бирок,  бул боюнча кандайдыр бир чечим кабыла алынган
жок. Депутаттар калаадагы көчөлөрдүн ысымдарын которууга 2028 -жыга чейин тыюу
салган мораторий кабыл алышты. Анткени, мораторийде   жогоруда айтылып жаткан эки көчө  жок”, – деди
шаардык кеңештин маалымат
катчысы  Чынара Усупбекова. 


Ошентсе да көчөлөрдүн
ысымдарын тынымсыз өзгөртүү адаты канга сиңип бараткандай. Башы көрүнүп калган
тууганынын,  же көзө өткөн атасынын
ысымын көчө,  же айылга берет элем деп
чуркап жүргөндөр да бар.  инсандар   Чакан,
чолок көчөлөр болсо да   мейли эле,  бирок калаанын негизги стратегиялык көчөлөрүн
эки- үчкө бөлүп атоо акылга сыйбаарын айтышат жарандык активисттер. Мисалы,  союз кезинде ошол эле “Белинский” деп аталган
көчөнүн  жарымы бүгүнкү күндө  “Тынчтык” кесилиши, “Манас” жана “Чынгыз
Айтматов” проспектиси  болуп үчкө бөлүнүп
отурат.

 

Калаада негизги көчөлөрдөн
сырткары маани -маңызы жок ысымдарды алып жүргөн чолок көчөлөр толтура. Ошол
эле Жумушчулар шаарчасы (Рабочий городок) аймагындагы көчөлөрдүн
аталыштарына   үңүлсөк  бир кыргызча аталыш  жок. Купянская, Хаперский, Репина сыяктуу
жалаң орустун элинин атактуу  инсандарынын ысымдары ыйгарылган. Ал
турмак  Германиянын коммунистик
партиясынын негиздөөчүсү  Карл Либкнехты
да унутта калтырбай, бир көчөнү ыроолоптурбуз.  Мындагы тургундар  ал инсандын ким болгонун, кайжактан экенин  деле андап биле беришпейт, бирок көчөнүн  атын айта албай “тили сынып” жүдөгөндөрүн
жашырышпайт.


“Тез жардам
чакырганда кыйналабыз. Дарыгерлер бир айтканыбызда кандай көчө экенин
билишпейт, алар да кайталап сурап, кыйналышат. Шаардагы ири көчөлөрдү тим эле
коюп, ушул сыяктуу чакан көчөлөрдүн аталышын кыргыз атына алмаштырып койсо,
ыраазы болмокпуз”,
– дешет жергиликтүү тургундар.

 

Орун алмашканы менен
сумма өзгөрбөйт. Башынан кандай аталышта оозго алынып, элге  сиңип калса көчө андан кийин канча өзгөртүлсө
да, баары бир баштапкы ысымын жоготпошу анык.  Болгону көчө тактайларын кайрадан  илип алмаштыруу убарасы, ага кеткен каражат –
ашыкча чыгымга гана алып келет.


Булак: НьюТВ  

 

 
Categories

Чет өлкөлөрдө камакка алынган мекендештер. Миграция мыйзамсыздыкка жол ачабы?

Кыргызстандан чет 
өлкөлөргө иштеп, каражат табуу максатында кеткен мигранттардын саны 700
миң адамга жетти.   Алардын 2 миңи барган
өлкөлөрүнүн мыйзамдарын бузганы үчүн камакта отурушат. КР Тышкы иштер
министрлигинин маалыматына караганда, бүгүнкү күндө аларга юридикалык кеңештер
берилүүдө. Адистер Кыргызстанга келген башка өлкөнүн жарандары деле биздин мыйзамдарды
бузган учурлар катталганын, бирок биздин өлкөнүн мыйзамы башка өлкөлөрдүкүнө
караганда катаал эместигин белгилешет.

 

Курал-жарак сатууга шектелген кыргызстандык





Акыркы учурларда мекендештерибиз башка өлкөлөргө барып
иштеп жүрүп мыйзамды бузушкан окуялар көп катталууда.
Жакында Кыргызстандын АКШдагы мурдагы
элчиси Замира Сыдыкованын уулу Америкада кармалды. Ал Чеченстанга контрабанда
иретинде курал-жарак жөнөтүүгө шектелген. Тенгиз Сыдыковдун кармалганы боюнча
Америка тарап кыргыз дипломаттарына кабарлашкан. 1-мартта соттук угуу Тенгиз
Сыдыковдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарган.

 

Атын чыгаруу
үчүн «жер өрттөгүсү» келгендер




Тилекке каршы, бул мекендештерибиздин өлкө аймагынан сырт
жүрүп, мамлекетибиздин кадыр-баркына доо кетирип жаткан бир гана көрүнүш эмес.
Марттын башталышында Чикагодо таксист болуп иштеген  М. Элчиев 24 жаштагы жүргүнчүнү зордуктоого
аракет жасаган деп шектелип кармалган. Кыргызстандын Вашингтондогу элчилигинин
маалыматында, азырынча америкалык тарап 
аталган жарандын кармалганы тууралуу расмий билдирүү бере элек.   

 

 Үйүнөн
үйрөнгөн адат АКШда да калбайт




 Дагы бир мекендешибиз Вашингтондогу
Авраам Линкольндун эстелигине жаза коем деп полициянын укуругуна илинген.
Бирок, анын визасынын мөөнөтү аяктап калгандыктан Америка мыйзамынын катаал
жазасынан кутулуп кетти. 
Анткен менен ал эми Америкага кайра бара албайт,
Мамдепартамент ага визаны жаңылап ачуудан баш тартты.

  

 Юристтердин
айтымында, эгер жаран мамлекеттин мыйзамын бузса, ал ошол мамлекеттин
мыйзамынын алкагында жазага тартылууга тийиш. Кыргызстанда да башка өлкөнүн
жарандарынын мыйзам бузган фактылары көп, бирок биздин өлкөнүн жазасы чет
өлкөлөргө салыштырмалуу бир топ жумшак.

 

 Булак: Нью ТВ

 
Categories

Бишкек шаарын заманбап шаарга айлантууга канча турак-жай “курмандыкка” чалынат?

Калаа көркүн бузган мыйзамсыз
курулуштар иретке келтирилет. Бирок бүгүнкү 
күндө, мындай  курулуштардын так
санын эч ким билбейт. Мэриянын өкүлдөрүнүн берген маалыматтарына караганда,
бүгүнкү  күндө башкы  планга кирбеген обьектерди түрттүрүп салуу
демилгесин кабыл алышканы менен акыркы чечимди шаардык кеңештин депутататтары
чечишмекчи. Демилге дароо эле жүзөгө 
ашырылбайт.  Кызыл чийиктен чыккан
обьектерди түрттүрүү  менен аларга компенсация  төлөп берүү  дагы маселеси бар.


Бишкектин борбордук бөлүгүн заманбап архитектуралар менен
кооздоо маселеси мындан эки – үч жыл 
мурун эле көтөрүлгөн. Ал  кездеги
Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев 
ушул жааттагы мыйзамдолбоорун демилгелеп, шаардын борборунун аянтын
кеңейтүүнү, андагы эски жер тамдарды түрттүрүп, ордуна асман тиреген бийик
имараттарды куруу сунушун жолдогон. Бирок, бул демилге шаардын борбордук
аянтына кирет деп белгиленген аймактардын жашоочуларынын каршылыгын пайда
кылган. Каршылыктардан улам бул демилге андан ары жылган эмес. 


Булак: Нью ТВ

 
Categories

Ар кыл айтылган “ар кыл маселелер”: Ош базарындагы өрт атайын жасалган ишпи?

Ош базарында кимдин өчү бар?

Аз убакыттын ичинде Бишкектин чок ортосунда жайгашкан Ош
базары эки жолу өрткө дуушар болду. Андагы бир нече ишкерлердин товарларын
күлгө айланткан тилсиз жоо тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында сөз болду.

Депутат Зиядин Жамалдинов өкмөттүн  аталган базардагы кырсыкка кабылган
ишкерлерге жетиштүү көңүл бурбай жатканын сынга алды.

“Ош базарында бир эмес, эки жолу өрт катталды. Жөн жерден
эле эки жолу өрттөнө бермек беле? Өрттүн чыгыш себебин иликтөө иштеринде да
ушул күнгө чейин талаш-тартыш көп. Кырсыктын 
кесепетинен ишкерлер 15 миллион сомдой каражатка зыян тартышты. Өкмөт
кыйынчылыкта калган жарандарга тийиштүү көңүл бурган жок”, – деп нааразыланды
депутат.

 

Чыгымды көбөйткөн чиновниктер

Депутат Тынчтыкбек
Шайназаров менен  Акылбек Жаманкулов мамлекеттин
казынасын ири чыгымдарга кептеп жаткан жетекчилердин жоопкерчилигин кароо
сунушун  беришти.  Бюджет тартыштыгы  20 млрд сом көлөмүн түзүп турганда, айрым
ээн- эркин басып көнгөн жетекчилердин мындай аракетин  чыккынчылык деп эсептешет.

 

Жол азабы

Бир жумадан бери
айдоочуларды түйшөлткөн  Бишкек-Ош жол көйгөйү.
Бул аймактарда кар көчкү түшүү
коркунучунан жолдон калып убара тарткан айдоочулардын көйгөйү  айтпаса да белгилүү. Көчкү  маселесине чекит коюунун жолу бар экендигин
айткан депутат Мирлан Бакиров ал сунушун өкмөт өкүлдөрү  менен бөлүштү. 





Булак: Нью ТВ

 
Categories

Кичинекей Лейла сизден жардам күтөт

3 айлыгында ооруга
чалдыгып, үч жашка чейин 6 жолу операцияны башынан кечирген кичинекей Лейла
жарандардын жардамына муктаж. Үнү чыкпай калганда калаадагы врачтар ага “папилломатоз гортани” деген
диагноз койгон. Кыргызстанда бул ооруну айыктыра албагандыктан азыр чет
мамлекеттен операция жасатыш керек. Ал үчүн 70 миң  АКШ доллары керектелет. Кызынын айыгып кетишин
калаган ата-энеси кайрымдуу инсандардан жардам сурайт.  
 

Наристенин 3
айлыгында үнү бүтүп, чыкпай баштаган. Ата-энеси бейтапканага алып барып
көрсөткөндө “ларингит”  деп диагноз чыгарып, врачтар ошол боюнча дарылай
берген. Кийин 9 айлык болгондо үнү таптакыр  жоголо баштаган. Кызын айыктыруу үчүн
жаш жубайлардын барбаган жери калбады.


Гүлүмкан Абдималикова,  Лейланын
апасы:

“Кызымс жөтөлүп
калганынан дарыгерге алып барсам, тамагы кызарып калыптыр деп дары жазып берди.
Биз суук тийди  дарылай бердик. Бирок
жакшы болбой эле бир нече айдан кийин тамагы буулуп, дем ала албай клады. Тез жардам
чакырып, ооруканага келип, ошондо биринчи жолу операция жасалды. Азыр тамагына
трубка коюлган. Кызым тамагын көрсөтүп, ооруп жатканын айтып алып салгыла дей
берет. Ансыз жашай албашын билгендиктен албайбыз. Замандаштарыбыздан жардам
сурайбыз. Кызым ойноп, күлүп, дени сак болуп чоңойушун каалайбыз”.

Кийинчерээк  шаардагы ооруканалардын бирине кайрылганда “папилломатоз гортани” деп
кайрадан диагноз чыгарган. Лейла 2 жолу оор абалда ооруканага  жаткырылып,  ал жактан трахестома коюу аркылуу өмүрүн
сактап калышкан. Азыркы күнгө чейин
6 жолу оор операцияны башынан өткөрдү. Бишкектеги
операциялардан кийин, папилломатоз
кайра кайра өсө бергендиктен азыр чет мамлекетке алып барып дарылатуу керек.

Лейланын атасы Русланбек
Минбаев бир топ жыл түштүк аймакта чек ара кызматында иштеген. Ал жерде айлык
акы аз болуп, кызын дарылантууга жетпегендиктен кызматын таштоого аргасыз
болгондугун айтат.  


Русланбек Миңбаев,  Лейланын
атасы:

“Биз жубайым экөөбүз
түнү уктабай кызымды карап жатабыз. Кокус бирдеме болсо өз убагында жардам
көрсөтүшүбүз керек. Кызым моюнундагы жараатын көрсөтүп, ооруп жатканын айтат.
Мекендештеримден абдан суранам- сиздердин жардамыңыздар керек, дарылоого
каражатыбыз жетпей жатат”.

  

Азыр кичинекей
Лейланын абалы күндөн күнгө оорлоп бараткандыктан, тез аранын ичинде операция
жасатуу керек. Бул чоң суммадагы акчаны талап кылат. Түштүк Кореяда беш  жолу   жасалчу операцияга 70 миң АКШ доллары
керектелет. Кайдыгер карабай, жардам берүүнү  каалаган кайрымдуу инсандар 0771 39 39 75
номуруна кайрылса болот.




Булак: Нью ТВ