Categories

Жалал-Абадда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Жалал-Абад облусунун аймагында 16-августка караган түнү саат 02:22де күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жер титирөө Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылында 2 баллга чейин сезилген. Такталган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

 

 
Categories

Аида Салянова үй камагына чыгарылды

Мурдагы башкы прокурор, экс-депутат Аида Салянова үй камагына чыгарылды. Бул туурасында анын тарапташтары билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 15-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту бөгөт чарасын карап, аны үй камагына чыгарган.

Эске салсак, Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошоп чыгышына шектүү катары быйыл 3-июнда камакка алынып, Бишкектин №1 тергөө абагында отурган.

 
Categories

Шевченко мыкты мушкерлердин рейтингинде бир сапка көтөрүлдү

UFC чемпиону Валентина Шевченко Уругвайда өткөн UFC Fight Night 156 турниринен кийин мыкты мушкерлердин рейтингинде бир сапка көтөрүлдү.

Муну менен мушкер кыз 12-орунга көтөрүлүп, айтылуу мушкер Конор Макгрегорду бир тепкичке артта калтырган. 

Ал Уругвайдагы мелдеште америкалык Лиз Кармуш менен беттешип, жеңишке жетишкен.

 

 

 
Categories

Чоң Чүй каналынан табылган кыздын туугандары изделүүдө

Милиция кыздын ким экенин аныктоо үчүн элден жардам сурады.

7-августта саат 18.00дөр чамасында Чоң Чүй каналынын Орозбеков көчөсү менен кесилишкен жеринен азиат түспөлүндөгү кыздын сөөгү табылды. Бул туурасында Бишкек шаардык милициясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, азырынча кыздын ким экени аныкталып, туугандары табыла элек. Кыз болжол менен 20-25 жашта.

Өзгөчө белгилери: бою 155-160 сантиметр, арык чырай, чачы сары, бети тоголок. Бозомтук түстөгү футболка, кара джинсы, ак спорттук бут кийим кийип жүргөн.

Милиция кыз тууралуу билгендер болсо төмөнкү номерлер аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт: (0552) 10-27-43, (0553) 10-23-87, (0703) 22-26-22, (0702) 49-88-88, (0772) 84-73-36, 102.

 

 
Categories

Баткен облустук сотуна жаңы төрайым шайланды

Баткен облустук сотунун төрайымы болуп  Кожобекова Гульмира Турдумаматова дайындалды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан кабарлады.

“Ушул жылдын 2-августунда Баткен облустук сотуна төрагалык кылып келген Мусаев Сайдибаказ Темировичтин 3 жылдык мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу облустук сотту шайлоо болду. Анда облустун судьялары катышып, бир добуштан Кожобекова Гульмира Турдумаматованын талапкерлигин колдошту. Ал эми жарандык иштер боюнча орун басары болуп Абдураимов Арзыбай Базарбаевич шайланды”, – деди маалымат кызматынан.

 
Categories

ӨКМдин кызматерлерине үй берилди

ӨКМдин кызматкерлери үйлүү болушту. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Мундуз айылында ӨКМ кызматкерлери үчүн 24 батирлүү турак үй курулуп бүткөрүлүп, министр Нурболот Мирзахмедовдун катышуусунда салтанаттуу түрдө тапшырылды.

Аталган турак үй көз карандысыз жылытуу (котельный) жана паркинги менен курулуп, 0,6 Га аянтты ээлейт. Турак үйдүн жалпы аянты — 2162,24 м2.

Көп кабаттуу үйдүн курулушу 2017-жылдын октябрь айында башталып, азыркы учурда турак үйдүн долбоордо көрсөтүлгөн курулуш жумуштары толугу менен бүткөрүлдү.

 
Categories

Курсан Асановдун жактоочусу билдирүү таратты

Аскер прокуратурасы Ички иштер министринин мурунку орун басары Курсан Асановдун үйүн тинтүүгө алышты. Бул тууралуу анын жактоочусу Икрамидин Айткулов билдирди.

Айтымында, өзү жана Курсан Асанов ачыкка чыгарбоого сөз бергендиктен, толугу менен окуяны айтып бере албайт.

«Мен Курсан Асановдун үйүн тинтип жатышканда жанында болдум . Ошондой эле Аскер прокуратурасындагы суракка да катыштым. ИИМдин кызматтык иликтөөсүнүн корутундусу менен тааныштым. Курсан Асановду корутунду менен тааныштырышкан эмес. Кызматтык иликтөөнү жүргүзүп, корутундуну шашып чыгарышты», -деди жактоочу.

 

 
Categories

Абылгазиев Жалал-Абад облусуна иш сапары менен барат

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жалал-Абад облусуна иш сапары менен барат.

Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Өкмөт башчы ички жолдордун абалын текшерип, бир нече жалпы билим берүү мектептерин кыдырып, Чаткал жана Ала-Бука райондорунун ички чарбалык суу каналдарын көрүп чыкмакчы.

Мындан тышкары Премьер-министр «Кичи-Чаарат» ЖАК фабрикасынын ачылышына катышат.

 
Categories

К.Асанов: “Өлкөмдүн жана абийиримдин алдында тазамын”

Генерал Курсан Асанов кызматтан алынгандыгы боюнча билдирүү жасады.

“Мени ИИМдин орун басарлык кызматынан “кыргыз милициясынын кызыкчылыгына чыккынчылык кылды жана ишенимден кетти” деген айып менен алды. Мен бир гана нерсени айткым келет, 7-8 августтагы окуядан улам бүтүндөй өлкөдө кыйын кырдаал жаралган болчу. Мен өзүмдүн милдетимди аткардым. Жеке кызыкчылыктарымды өлкөдөн жогору койгон жокмун. Генералдык сөз берүү мен үчүн курулай кыйкырык эмес. Кызматымдан улам өлкөнүн кыйын кырдаалдарда калган учурларына далай ирет туш болдум. Андай учурда мекендин тынчтыгы үчүн күчүмдү да, жанымды да аяган эмесмин. Мен ойлоймун, мага тагылган айып ачык-айкын түшүндүрүлөт деп. Өлкөмдүн жана абийиримдин алдында мен тазамын”,-дейт Асанов.

Белгилей кетсек, Курсан Асанов ИИМдин орун басарлык кызматынан бошотулган. Анын ордуна аталган кызматка Памирбек Асанов дайындалган.

 
Categories

ИИМге жаңы орунбасар дайындалды

Ички иштер министринин орун басары болуп Памирбек Асанов дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

ИИМдин мурдагы орун басары Курсан Асанов кыргыз милициясынын кызыкчылыгына чыккынчылык кылганы жана ишенимден кетти” деген жүйө менен кызматтан алынгандыгы айтылган.

Генерал-майор Курсан Асанов 2011-жылдан бери Ички иштер министринин орун басары болуп келген эле.