Categories

28 жаштагы фермер Тилек Токтогазиев колдоо тапты

«Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу өзүн – өзү Айыл чарба министри кызматына сунуштаган  «Жашыл чарба» аттуу агрохолдингдин негиздөөчүсү, 28 жаштагы фермер Тилек Токтогазиев колдоо тапты. Мындай дегенибиз, Жогорку Кеңештеги «Бир Бол» фракциясы жеке ишкер Тилек Токтогазиевдин талапкерлигин  айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министринин кызматына  көрсөткөндүгү тууралуу  аталган фракциянын лидери Алтынбек Сулайманов «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу билдирди.

Анда ал өкмөт башчысы бул сунушуту колдой тургандыгына ишенимин билдирген.

 
Categories

11 млн. 381 миң 910 сом өлчөмүндө мамлекетке келтирилген зыян аныкталды

Ош облустук прокуратурасы тарабынан коррупцияга каршы күрөшүү багытындагы мыйзамдардын аткарылышы боюнча Ош шаарындагы Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин карамагында түзүлгөн «Ишкер» микрокредиттик ишканасында текшерүү жүргүзүүдө мыйзам бузуулар аныкталган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Аталган ишкананын кызматкерлери 2010-2018-жылдардын аралыгында кызмат абалдарынан кыянаттык менен пайдаланышып, насыя алган жарандар кайтарып төлөгөн акча каражаттарын системалуу түрдө өздөрүнө ыйгарып алышкандыгынын натыйжасында мамлекетке болжол менен 11 млн. 382 910 сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирилген.

Текшерүүнүн жыйынтыгында Ош облустук прокуратурасы тарабынан 2019-жылдын 21-майында чогултулган материалдардын негизинде аталган окуя боюнча  Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгүндөгү (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) кылмыштын белгилери менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш ишин жүргүзүү үчүн тергөө органына тапшырылды.

 
Categories

Депутат А.Жунус уулу айдоочуларга 110 чакырымга чейин жүрүүгө уруксат берүү керектигин айтты

Мындай пикирин эл өкүлү фракциянын жыйынында билдирди.

Алтынбек Жунус уулу:  «Мурда трассада саатына 90чакырым, калктуу конуштарда саатына 60чакырым деген эки эле ченем бар эле. Бүгүнкү күндө мектеп, бала бакчалардын жанындагы жолдорго саатына 40 чакырым деген ченем коюлган. Бирок ал ченем канчага чейин күчүндө болоору көрсөтүлгөн эмес. Кээде түнкүсүн дагы ошол саатына 40  деген ченем менен тосуп жатышат. Бүгүнкү күндө трассага, айрыкча, айланып өтмө жолдорго саатына 110 чакырым деген ченемди, ал эми саатына 40  деген ченемдин саат канчага чейин жарактуу болушу көрсөтүү керек”,-деди

Мындан сырткары, А.Жунус уулу «Коопсуз шаар» долбоорунун 2-3-фазасын жергиликтүү бийликке берүүнү сунуш кылды.  Авто унаалар катталган жарандарды таап кайра каттатууга Өкмөт жардам бериши керектигин баса белгиледи

 
Categories

Кыргызстандагы 28 медреседе тогуз кесипти үйрөнүшүүдө

“Медреседе окуган кыздар менен балдарга кесип үйрөтүп жаткан долбоор жакшы жыйынтыктарды берүүдө. Бул туурасында Сокулук районунун Жаңы-Жер айылындагы “Равза” медресесинин жетекчиси Өскөн ажы Каландаров билдирди. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы жазды.

Өскөн ажы Каландаров:  «Бул айылдагы медресе азыр “тигүүчү” кесибин үйрөткөн сегизинчи жолку топтун бүтүрүүчүлөрүн узатты. Эми айылыбыздагы кыз-келиндер өздөрүнчө топ болуп биригип, жаңы курска жазылып жатышат. Арасында Нарындан, Таластан, Оштон келип, туугандарыныкына жатып окугандары арбын. Ата-энелер абдан сүйүнүп атышат, кыска аралыкта (2 айлык) мындай кесип үйрөткөн курска.

Тикмечилик кесипти жакшы окутса азыр жумуш аябай көп табылат экен. Биздеги кыздар жакшы окуп бүткөндүктөн жумушка орношуунун деңгээли жогору. Шаардагы цехтерге ишке кирип жатышат. Өзүбүз да карап отурган жокпуз. Эки жактан демөөрчү издеп “Ассалам” деген кайрымдуулук фондуна долбоор жазып, медресебиздин жанына 30 киши баткыдай цех курдуруп алдык. Документация иштерин бүтүрүп алсак эле ишти баштаганы турабыз»,- дейт.

Медреселерде кесип үйрөткөң социалдык долбоор “Медресе жаштарын кесиптик шыктарга окутуу деп аталып, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы менен “АВЕП” (Айылдык жаштарга кесип үйрөтүү) деп аталган коомдук фонд ишке ашырууда. Жалпысынан азыр Кыргызстандын бардык облустарындагы 28 медреседе, “электрик”, “ширетүүчү”, “ашпозчу”, “тикмечи” кесиптери баш болгон тогуз кесипти үйрөнүшүүдө. Жабдуулардын бардыгы медреселерге белек катары бекер берилген. Окуу курстары акысыз болуп, чыгымдардын бардыгын АКШнын Кыргызстандагы элчилиги бөлгөн гранттык каражаттын эсебинен каржыланууда.

Ушул күнгө чейин жалпысынан 800дөн ашык жаштар (кыздар жана балдар) кесип үйрөнүп чыгышты. Жумуш менен камсыз болуунун көрсөткүчү 65-67% түзүп, орточо айлык акысы 15-20 миң сомго барабар болууда дешет адистер.

 
Categories

Фарид Ниязов КСДП партиясынын Саясий кеңешине мүчө болду

Фарид Ниязов КСДП партиясынын Cаясий кеңешине жана кеңештин туруктуу комитетине мүчө болуп шайланды. Мындай чечим КСДП партиясынын Cаясий кеңешинин отурумунда  кабыл алынгандыгын «Апрель» сайты билдирди.

Эске сала кетсек , буга чейин  экс-президент Алмазбек Атамбаев партия төрагалыгынан жана мүчөлүгүнөн кеткендиги кабарланган болчу.

 
Categories

Балдар колониясында “Акыркы коңгуроо” салтанаты болуп өттү

Панфилов районуна караштуу Вознесеновка айылындагы балдар колониясында “Акыркы коңгуроо” салтанаты болуп өттү. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул жылы аталган колонияда 11-классты бир окуучу, ал эми 9-классты 3 окуучу бүтүрдү. Алардын ичинен бирөөсү белгиленген мөөнөтүнөн эрте бошотулууга уруксат кагазын алды.

Кошумчалай кетсек, жазасынын мөөнөтү аяктай элек бүтүрүүчүлөргө колониянын астында түзүлгөн  кесиптик мектепте окуусун улантууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

 
Categories

26-майга карата аба ырайы

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 26-майда  көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Кээ бир тоолуу райондордо жана тоо этектеринде мөндүр жаашы мүмкүн. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.

26-майда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда

түнкүсүн: 9…14… күндүз: 22… 27;

Талас облусунда

түнкүсүн: 6….11….күндүз: 19…..24;

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында

түнкүсүн: 13…15….күндүз: 27…29;

Ысык-Көл облусунда

түнкүсүн: 7…12….күндүз: 15…20;

Нарын облусунда

түнкүсүн: 7….9…..күндүз: 17….19;

Бишкекте өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы күндүз 24….26, түнкүсүн 12…14 градус болот.

 
Categories

Токтогулда 1,4 млн сомго спорттук аянтча курулду

Токтогул районунун Кызыл-Ураан айылында спорт аянчасы пайдаланууга берилди. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдирди.

Маалым болгондой, спорт аянтчанын курулушу 2017-жылы башталып, ага 1 млн 470 миң сом жумшалган. Курулуш иштерин тендерден утуп алган “Максым-Ата” ЖЧКсы жүргүзгөн.

Кызыл-Ураан айылында 3500дөн ашуун адам жашайт.

 

 
Categories

Абылгазиев Нарында акыркы коңгуроо салтанатына катышты

Бүгүн, 25-майда өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Нарын шаарындагы Матен Сыдыков атындагы орто мектептин акыркы коңгуроо аземине катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, алгач Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов шаардагы окуучулар, бүтүрүүчүлөр туурасында жалпы маалымат берип өттү. Андан соң өкмөт башчысы сөз сүйлөп, жаштардын билимдүү болуусу керектигин, өкмөт билим берүү тармагына көңүл бөлүп жатканын белгиледи.

“Билим берүү тармагы мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынан болуп саналат. Мен бүгүн балдарыбыз чет тилдерде сүйлөп жатканына кубанычтамын. Биз өсүп келе жаткан муун мамлекеттик, расмий жана англис тилдеринде сүйлөшү керек. Мен баарыңарга кесипти туура тандап, техникалык адистик, ветеринария, айыл чарбасы же гуманитардык илим болобу, жогорку деңгээлдеги адистерден болушуңарга тилектешмин. Жан дүйнөңө жакын чөйрөдө иштеген – бул бакыт. Биздин максат – силерди инсан катары калыптандыруу, максаттарыңарга жетип, республиканын татыктуу жараны болушуңарга жетишүү”, – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Ошондой эле, Абылгазиев мектепке өкмөттүн атынан 10 компьютер тапшырды.

 

 
Categories

Тогузунчу класстын окуучусу Аделина изделүүдө

15 жаштагы Аделина Коженалиеваны туугандары издеп жатканын Москва районунун тургуну, эжеси Мээрим Тиленчиева кабарлады.

24-майда болжол менен 21:43тө 9-класстын окуучусу үйүнөн кеткен боюнча кайтып келген эмес. Аделина 2013-жылы 8-декабрда төрөлгөн. Токмок шаарында жашайт.

Тиленчиеванын айтымында сиңдисинин үйдөн кетүүсүнө себеп боло тургандай үй-бүлөсүндө эч кандай көйгөйлөр болгон эмес. Болгону анын алдында Аделинаны апасы бир аз урушкан.

Куртка жана кара бут кийим кийген. Жанында кара түстөгү рюкзагы бар.