Бүгүн, 15-сентябрда Кыргызстанда жаңы окуу жылы кадимки режимде башталды. Былтыркы окуу жылы пандемияга байланыштуу аралыктан өткөн.

Быйыл өлкө боюнча 158-159 миң бала 1-класска барат. Мектептерде бет кап тагуу сунушталат. Себеби учурда эпидемиологиялык кырдаал туруктуу болгону менен абал өзгөрүп кетиши мүмкүн.

Ал эми Бишкек шаарындагы мектептерде дарыгерлердин сунушуна ылайык, бет кап тагуу милдеттүү экени айтылган. Мектептерде билим берүү кызматкерлеринин 70 пайызы таажылуу вируска каршы вакцина алган.

Ата-энелер бала үйдө өзүн жаман сезсе, мектепке же окуу жайга жибербеши керек. Дароо дарыгерге алып баруу зарыл. Кыргызстанда жалпысынан 2200дөй мектеп бар, анда бир миллиондон ашуун окуучу билим алат.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.