Гульшат Асылбаева  жана Айнура Осмонова сунуштаган “Маалыматты манипуляциялоо тууралуу” мыйзам  25-июнда мыйзам бузуулар менен кабыл алынды. Ага 79 депутат “макул”, ону “каршы” деген добуш берди.

Депутат Дастан Бекешевдин инстаграм баракчасында жүргүзгөн түз эфиринен залда 79 эмес 50гө  да жетпеген эл өкүлү бар экенин көрүүгө болот.

https://www.instagram.com/tv/CB2YkuLnUQu/?utm_source=ig_web_copy_link

Бекешевдин буга чейин сүйлөгөн сөздөрүн мисал кылсак,  мындай мыйзам Орусияда 2016-жылы кабыл алынган, бирок азыркы кезге чейин иштебейт.

Сөз болуп жаткан документтин басымдуу бөлүгү Орусиянын мыйзамдарынан көчүрүлгөнүн  «Factcheck.kg» порталы да аныктаган.

Бул мыйзамга каршылардын 25-июнда митинг өткөрүшкөнүнө, бир канча ЖМКнын мыйзамдын “Кыргызстандын Конституциясына каршы келет” деген айдан ачык фактыларды көрсөткөнүнө карабай  мыйзам шашылыш түрдө экинчи жана үчүнчү окууда удаа каралып, кабыл алынды.

Эми болсо активисттер 29-июнь күнү “Эркиндикти сактап кал!” аталышындагы жарандык маршка элди чакырууда.Жаңы мыйзамдын эски турмушу

Орусия да иштете албаган оор мыйзам Президенттин колдоосун алса кимге иштеп берет, убакыт көрсөтөт.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.