Бүгүн, 11-сентябрда Каныбек Исаков Жогорку Кеңештин 107 депутатынын колдоосу менен билим берүү жана илим  министри болуп дайындалды.

Эл өкүлдөрүнүн көпчүлүгү Исаковдун ОшМУдагы үзүрлүү эмгеги, прогрессивдүү чечимдерин белгилеп, эми министр катары билим берүү тармагын татыктуу жөндөй алат деген ишеничин билдирди.

Ал Ош мамлекеттик университетин акыркы 8 жылдан бери жетектеп келген.

Каныбек Исаков Абдуваситович;

  • 1969-жылы 4-июнда Ош облусунун Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айылында туулган. Азыр 50 жашта.
  • 1987 — ОшМУнун кыргыз тили жана адабияты адистигине тапшырган.
  • 1988 – 1990 — Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн;
  • 1990 – 1993— Ош мамлекеттик университетинде окуусун улантып, кызыл диплом менен аяктаган;
  • 1986 — Бел-Өрүк колхозунда жумушчу;
  • 1993 – 1997 — ОшМУнун кыргыз филологиясы факультетинде мугалим;
  • 1995 — «Нур» гезитинин башкы редактору;
  • 1997 – 1998 — Кыргыз филологиясы факультетинин деканынын орун басары;
  • 1998 — ОшМУнун ректорунун тарбия иштери боюнча жардамчысы;
  • 1999 — ага окутуучу;
  • 2000 – 2005 — ОшМУнун коомдук тарбия иштери боюнча проректору;
  • 2005 – 2006 — ОшМУнун мамлекеттик тил иштери боюнча проректору;
  • 2006 – 2011 — Ош мамлекеттик гуманитардык институтунун ректору;
  • 2011-жылдан бери ОшМУнун ректору
  • Исаков 2011-жылы докторлук диссертациясын жактаган. Учурда филология илимдеринин доктору, профессор.
  • Үй-бүлөлүү. 1 уул 3 кыздын атасы.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз