Бул ирет КТРКнын башкы директорун шайлоо коомчулуктун бүйүрүн кызытчудай болуп туру. Байкоочу кеңештин ичинде, талапкерлер арасында да “жүүнү” тың сыяктуу сезилгендер жок эмес экен.

Ал эми Байкоочу кеңештин төрагасы Жыпар Жекшеевдин маалыматына караганда, кийинки жыйын  28 –февралда болот.

Ж. Жекшеев: “Талапкерлердин ичинде бизге берген эмгек китепчесинин көчүрмөлөрү менен накта эмгек китепчелеринин ортосунда айырма абдан чон экен. Ал жерде жетекчилик кызматтарда иштебей туруп, иштегем деп жазып келгендер бар. Жакында болчу жыйында баарын ачыкка чыгарам. Ыймандуулук жана башка деп айта берсе болот. Бирок, мыйзамды карап иш кылабыз”. – деди.

Эске сала кетсек, КТРКнын Башкы директорлук кызматына 22 киши талапкерлигин сунуштап, анын үчөөсү документтери толук эместигине байланыштуу четтетилген. Алдыдагы жыйында дагы канчасы калып, канчасы оюндан чыгарын көрө жатарбыз.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.