Ош облусуна караштуу Өзгөн шаарында унаасын башкара албай жол четинде турган тосмону сүзүп токтогон айдоочу каза болду. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, 14-май күнү Өзгөн шаарынын Манас көчөсүндө болгон. Анда Өзгөн шаарынын 62 жаштагы тургуну “Wolksvagen Рassat” үлгүсүндөгү унаасын айдап бара жатып, рулга ээ боло албай калган. Окуянын кесепетинен айдоочу оор жаракат алып, окуя болгон жерде жан берген.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз