Министр Нурболот Мирзахмедов Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Өзгөн районундагы жаратылыш кырсыгынан жабыркаган жарандар отурукташкан Ынтымак айылында жарандар менен жолугушту. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы маалымдады.

Жолугушуу учурунда министр Н.Мирзахмедов айылдын тургундарына кайрылып: “ Мамлекеттен жардам алып, бирок бүгүнкү күнгө чейин кооптуу аймакта жашап жаткан үй — бүлөлөрдү коопсуз жайга көчүп келүүгө үндөңүздөр , үлгү бериңиздер. Себеби, “кырсык каш кабактын ортосунда” дегендей адам өмүрү — бул баа жеткис байлык” , — деди.

Эскерте кетсек, Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов Ош облусунун Өзгөн районунда иш-сапары менен жүрөт.  Жалпы Өзгөн району боюнча бүгүнкү күндө жалпы коопту аймакта 1966 үй-бүлө көчүрүүлүгө сунушталып, 960 турак үйдүн ээлери мамлекеттен жардам жана жер тилкелерин алып, көчпөй жаткандар, ал эми 1006 үй-бүлө жер тилкелерин ала элек.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.