Кечээ, 20-майда Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров Нарын облусуна жумушчу сапары менен барды.

Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Аскаров Нарын облусунун Кочкор айылында жайгашкан Кочкор райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жаңы курулуучу ДЭПОнун мерчемдөө боюнча иш-чаралары менен таанышты.

Андан соң, Кочкор районунун Көк-Жар айылында “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу” мерчеми менен Жоон-Арык суусундагы аткарылып жаткан жумуштарды жеринен көрдү.

Министр Нарын шаарынан Запин участкасынын Нарын дарыясынын сол жээгиндеги жээк эрозиядан, суу ташкынынан турак үйлөргө жана райондук оорукананын аймагына коркунуч жараткан жагдайга жеринен күбө болгон соң, тийиштүү жетекчилерге тез арада коопсуздук чараларын көрүү боюнча тапшырма берди.

Ошондой эле, ал Ат-Башы районуна барып, Кара-Суу айыл аймагынын Жибек-Жолу айылындагы Ат-Башы дарыясынын жээгиндеги жээк эрозияга учураган участкалары менен да жеринде таанышты.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.