Өзгөчө абал киргизилген аймакка жергиликтүү каттоосу бар жарандар гана кире алат, ал эми каттоосу жок жарандарга кирүүгө тыюу салынган.

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, өзгөчө абал режиминде ишкерликтин уруксат берилген түрлөрүнүн тизмеси бар.

Аталган тизмедеги жумушчулардын кыймылы саат 07.00 дөн 20.00 гө чейин иштеген жеринен ишкананын жетекчиси тарабынан күбөлөндүрүлгөн маалым каттын негизинде, алдын ала аныкталган багыт жана ишкана тарабынан уюштурулган унаа менен жүрүү эске алынып гана ишке жүргүзүлөт.

Өтүнмө аймактын комендатурасынын кароосуна компаниянын жетекчисинин колу жана мөөрү менен жөнөтүлөт. Аймактын комендатурасы көчүрмөсүн унаа каражаттар жүрүүчү тиешелүү райондун блок-постторуна беришет.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.