Өзбекстандын Шурчин районунда Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик борбордун кызматкерлеринин бир күндүк айлыгын темир-тезек үчүн деп кармап калышты.

Аталган борбордо иштеген дарыгерлердин бири мекеме жетекчилиги бардык кызматкерлерди бир күндүк айлыктарын темир-тезек үчүн берүүгө макул экендиктери тууралуу документке кол коюуга мажбурлаганын айтты. 

– Борбордун дээрлик 80 пайыз кызматкерин 30-50 миң сумду (4 долларга жакын) түзгөн бир күндүк айлыктарын берүүгө мажбурлашты. Кызматкерлердин бардыгы тең буга макул экендиктери тууралуу документке кол коюп беришти. Борбордун директору бул акимчиликтин тапшырмасы экенин жана биз ага баш ийишибиз керектигин айтты. Президент быйылтан тарта темир-тезек чогултууга мугалимдер менен дарыгерлерди тартууга тыюу салган, бирок жергиликтүү бийлик өзү билгендей кылып жатат. Эмнеге жер-жерлердеги бийликтер президенттин токтомун аткарбай жатышат? – деди ал. 

Аты-жөнүн билдиргиси келбеген борбордун дагы бир кызматкери өткөн жылы декабрда анын кесиптештерин мамлекеттик гезиттер менен журналдарга жазылууга мажбурлап, мартта кагаз үчүн акча талап кылышканын билдирди. 

Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик борбордун жетекчилиги кызматкерлердин бир күндүк айлыгын темир-тезек үчүн которууну аларга район акимчилиги тапшырганын билдирди. Бирок Шурчин районунун акиминин орун басары Ахлиддин Холматов бул маалыматты четке какты. 

– Жок, эч ким аларга андай тапшырма берген эмес. Кээ бирде биз аларга темир-тезек чогулткула деп өтүнүшүбүз мүмкүн, бирок эч качан бул максатта дарыгерлердин бир күндүк айлыгын кармап калгыла деген көрсөтмө бербейбиз. Менимче, мында кандайдыр бир түшүнбөстүктөр болгон өңдүү. Биз бала бакча, мектеп жана медициналык мекемелердин кызматкерлерине эч качан мындай тапшырма берген эмеспиз, – деди ал. 

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз