Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин жарлыгы менен орозо айтка байланыштуу камактагы 258 кишиге ырайым берилет.

Алардын ичинен 16 жаран негизги жазадан толугу менен бошотулса, 101и мөөнөтүнөн мурда шарттуу эркиндикке чыгат. Мындан тышкары 24 адамдын жазасы жеңилдетилип, 117 кишинин жаза мөөнөтү кыскартылат.

Мунапыска илингендердин арасында 60 жаштан ашкан 7 эркек жана 1 аял, чет өлкөлүк 7 жаран жана тыюу салынган уюмдардын ишмердүүлүгүнө катышкандыгы үчүн соттолгон 164 адам бар.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.