Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Нооруз майрамына карата камактагы 44 адамга ырайым берүү тууралуу жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктар кызматы жазды.

Ага ылайык, 7 адам жазадан толук кутулса, 11 киши жаза мөөнөтүн өтөөдөн шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулат. Мындан тышкары 12 адамдын жазасы жеңилдетилип, 13 кишинин жаза мөөнөтү кыскартылат. Жалпысынан мамлекет башчынын бул жарылыгы менен 30 адам абактан чыгат.

Ырайым бериле турган адамдардын экөөсү 60 жаштан ашкан. Мындан тышкары алардын арасында беш аял бар.

Мунапыска илинген жарандардын 23 киши тыюу салынган уюмдардын ишмердүүлүгүнө катышкандыгы үчүн соттолгондор.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.