Өзбекстандын Андижон облусунда мунайзат иштеп чыгарган жашыруун  өндүрүш табылды. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазып чыкты.

Аны жергиликтүү тургундар Фурқат Файзиев, Халимжон Матхолиқов жана Каюмжон Бокиевдер сатып алып, бир үйдүн ичине жашыруун ишкана ачууну пландап, ишке ашырышат.

Маалыматта, жашыруун чакан заводдо  1,120 литр мунайзатты кайнатуу менен 490 литр мазут жана100 литр солярка  даярдалган.

Полиэтилен мүшөктөрдө мунайзат тургундарга шек жараткан, жана алар укук коргоо органдарына кабар берген. Айыпталуучулар далилдери менен кармалган. Учурда аларга кылмыш иши ачылып, тергөө иштери уланууда.

Ошондой эле, нефтини үй шартында кайра иштеп чыгаруу өтө кооптуу иш экендигин  айтып адистер эскертет.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз