Өзбекстанда 1-июнга чейин өлкөдөгү бардык балдар үйлөрүнө видеокөзөмөл камералары орнотулат. Бул тууралуу өзбек басылмалары кабарлады.

Маалыматка ылайык, бул маселени өлкө президенти Шавкат Мирзиёев өзү демилгелеп, билим берүү министрлигине видеокөзөмөл камераларын орнотуу ишин тапшырган.

Буга чейин жергиликтүү маалымат каражаттары балдар үйлөрүндөгү зомбулуктар тууралуу бир нече жолу жазып чыгышкан.

 

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз