Өзбекстанда 72 жаштагы апа абитуриент катары Фергана мамлекеттик университетине документтерин тапшырды. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, улгайган жарандын документтери окуу жайларга тапшыруунун жаңы эрежелерине ылайык кабыл алынган. Анда абитуриенттердин жаш курагы боюнча чектөөлөр алынып салынган.

Мындан тышкары жаңы эрежелерге ылайык, Өзбекстанда жогорку окуу жайларга тапшыруу үчүн абитуриенттерден саламаттыгы тууралуу маалымкат (форма-086) талап кылынбайт.

Бүгүнкү күнгө карата өлкө боюнча жалпысынан 70 миңден ашык абитуриент жогорку окуу жайларга документтерин тапшырышты.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз