Өзбекстандын президенти Шафкат Мирзиёев ЕврАзия экономикалык биримдигинин жогорку кеңешинин учурдагы төрагасы Белоруссиянын президенти Александр Лукашенконун дарегине кайрылуу жолдоп, аталган биримдикке Өзбекстанды байкоочулук макамында кабыл алууну өтүнгөн.
Эми бул маселе биримдикке кирген өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын кеңешинин отурумунда каралып чечилет.
Өзбекстан 2016-2019 – жылдар аралыгында ЕАЭБке мүчө өлкөлөр менен соода катышы 60 пайызга өсүп 8,4 миллиард АКШ долларын түзгөн.
Өзбекстандын тышкы соодасынын 30 пайызы ЕАЭБдеги өлкөлөр менен байланышкан.
Ал эми 75 пайыз айыл чарба экспорту аталган биримдиктин өлкөлөрүнө чыгарылат.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.