Өзбекстан өкмөтү чоң тажрыйбага ээ чет элдик мамлекеттик кызматкерлерге муктаж. Бул тууралуу өзбекстан басылмалары жазып чыкты. Өзбекстан  каржы министри Жамшид Кочкоров:

“Бизде жетиштүү ресурстар бар, тышкы карызбыз абдан эле аз. Алдыга өнүгүүгө абдан жакшы шарттарга ээбиз. Баары ушул тууралуу айтат. Болгону биздин бир кемчилигибиз, бүгүнкү күндө билим жана тажрыйбага муктаждыгыбызда. Азыр ушул иштин үстүндө аракет кылып жатабыз. Жакында эле Орусиянын белгилүү банкынан бир адамды ишке алдык. Убакыттан пайдаланып айтып коеюн бизге чет элдин пенсиядагы мамлекеттик кызматкерлери дагы керек.  Үйдө отурганча бизге келип кеңешчи болуп иштешсин”,- деди каржы министри жыйында отурган чет элдик элчилерге кайрылып.

Каржы министринин айтымында, Өзбекстандын 14 аймагындагы жетекчилерге  кеңешчилер керек. Ошондой эле министрликтерге дагы керек.

 

 

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.