23-ноябрда ЮНЕСКОнун 41-сессиясынын пленардык жыйынында Кыргызстан демилгелеген тоо мөңгүлөрүн сактоо боюнча “Тоо мөңгүлөрүнө мониторинг жана изилдөө жүргүзүүнү кеңейтүү” деген жаңы резолюция бир добуштан кабыл алынды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. Демилге президент Садыр Жапаров тарабынан 2021-жылдын сентябрында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясында жарыяланган.

Бардык мамлекеттердин жалпы колдоосу менен Кыргызстандын резолюциясына ЮНЕСКОнун төмөнкү мүчө-мамлекеттери демөөрчүлүк кылышты: Орусия, Швейцария, Өзбекстан, Сербия, Бангладеш, Кытай, Эфиопия, Филиппин, Тунис, Испания, Мадагаскар, Аргентина, Конго Демократиялык Республикасы, Түштүк Корея, Италия, Беларусь, Кения, Габон, Намибия, Казакстан, Исландия, Улуу Британия жана Австрия.

“Резолюциянын негизги максаты – 2030-жылга чейинки күн тартибин ишке ашыруу боюнча биргелешкен иш-аракеттер аркылуу тоо мөңгүлөрүнө мониторинг жүргүзүү жана изилдөө боюнча эл аралык кызматташтыкты бекемдөө”, – деп айтылат министрлик тараткан маалыматта.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.