Ысык-Көлдүн Бактуу-Долоноту айылында эки унаа кагышып, 2 адам каза болду. Бул тууралуу облустук милициядан билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 7-июль күнү  таңкы саат 4:30дар чамасында катталган. Анда «БМВ Х-5»  унаасы менен «Лексус» унаасы кагышып, «Лексус» унаасында бараткан төрт адамдын экөө каза болуп, экөө оор абалда Чолпон-Ата шаардык ооруканасына жеткирилген. Каза болгондордун бири — унаанын айдоочусу.

Учурда жол кырсыгынын себептери такталууда.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз