Ысык-Көлгө эс алуу үчүн келген Өзбекстандын жараны чөгүп кетти. Бул туурасында облустук милициядан билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, 28-июнь күнү болжол менен саат 14:27де катталган. Каза болгон аял 69 жашта болгон. 

Маркумдун сөөгү моргго жеткирилип, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Аталган факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоого алынды.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.