Ысык-Көлдө өткөн  5-Эл аралык инвестициялык экономикалык форумга Бириккен Араб Эмираттары, Япония, Кытай, Россия, Өзбекстан жана Казакстандын ири алдыңкы деп эсептелген компаниялары катышты.

Форумда кытайлык инвесторлор менен 33 млн. долларлык эки келишимге кол коюлду. Анын бири Ивановкада өнөр жай паркын ачуу долбоору, экинчиси Жалал – Абад облусунда Тоокендерди кайра иштетүү заводу ачылмакчы.

Форумдун жүрүшүндө ата мекендик ишкерлер алдыңкы компаниялар менен маалыматтык технология, сооданы алга жылдыруудагы жаңы механизмдер, курулуш жана энергетика багытында кызматташмак болушту.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.