Бүгүн, 28-апрелде Чолпон-Ата шаарында маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары-Туризм департаментинин директору С. Шатмановдун жетекчилиги астында жайкы туристтик мезгилге даярдык көрүү боюнча президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары У. Далиев, жергиликтүү мамлекеттик кызматтар жана санаторийлердин катышуусунда пландык жыйын өттү.
Жыйында негизги маселелердин бири президент С. Жапаров “Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол койгондугу кабарланып, ага ылайык 2023-жылдын 1-январынан тартып Ысык-Көл облусундагы пансионаттарды инженердик коммуникация жана курулмалар менен камсыздабай иштетүүгө тыюу салынгандыгы туурасында тийиштүү иштерди пансионаттар, санаторийлер жана конок үйлөр менен биргеликте кечиктирилгис иш алып баруу зарылдыгы белгиленди.
Жыйындын жүрүшүндө С. Шатманов ИИМ укук-коопсуздукту коргоо жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынына, ӨКМ облустагы башкармалыгына, жергиликтүү мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдө борборуна туристтердин коопсуздугун камсыздоо, аяр мамиле кылуу жана меймандостугубузду көрсөтүү боюнча иштерди жүргүзүү тапшырмасын койду.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.