Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районундагы Совхоз айылындагы үйлөрдүн биринен өрт чыгып, үч бир тууган балдар каза болду. Бул маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Балдар алты, беш жана үч жашта болгон. Үйдүн ээлерин, балдардын ата-энесин кошуналар куткарып калган. Өрт 22:20дан өтүп өчүрүлдү. Түшкү саат 15:00 чамасында башталган өрт кечки саат 22:00дөн өтүп өчүрүлгөнүн ӨКМ билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча, өрт үй ээлеринин кызуу абалда тамекини этиятсыз колдонгонунан келип чыккан.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.