Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү  25- сентябрда көл жээгинде бизнес форум өткөрөбүз дейт.
Форумга негизинен облус аймагындагы ири компаниялар катышат.
Ошондой эле республиканын аймактарынан да өндүрүш, өнөр жай компаниялары чакырылат.
Аталган иш чарага Борбор калаада жайгашкан эл аралык уюмдардын өкүлдөрү да чакырылмакчы.
Форумдун максаты облустагы өндүрүшчүлөрдүн өндүргөн өнүмдөрүн импорттук товрлардын ордуна айырбаштоо болуп саналат.
Аймактагы сүт азыктарын өндүргөн заводдордун өнүмдөрүн көл жээгиндеги пансионаттарга сунуштап өткөрүүгө артыкчылык бөлүнмөкчү.
Ошондой эле курулуш материалдарын чыгарган жергиликтүү ишканалардын ишмердигин чыңдоо сыяктуу маселелер күн тартибине кирген.
Эмнеси болсо да бакылдаган Балбактын бараандуу иш аракеттеринен майнап чыкса эле болгону…

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.