Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун алдын  маалыматына ылайык, 2018-жылдын 5-декабрь күнү саат 16:11де Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү  2,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Мындай маалыматты Өзгөчө Кырдаалдар Министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жер титирөө Ак-Өлөң жана Орто-Токой айылдарында 2 баллга сезилген. Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз