Ысык-Көл облусунда быйыл 2019-жылга ажылык сапарга бара турган зыяратчыларды ажы башчылар ажылыктын шарттарын окутушууда. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.

Ысык-Көл аймагы боюнча быйыл 83 жаран ыйык Мекке шаарына барууга жолдомо алышкан. Облус боюнча ажылык иштерин уюштуруучу адис Ж. Дюшековдин айтымында, 17-июнь күнү ажыга бара тургандар Каракол шаардык эмдөө борборунан эмдөөдөн өтүшмөкчү.

Дюшеков: “Ажылык сапарына барчуулар үчүн ажылыктын тартиптери боюнча сабактар уюштурулуп, ибадат амалдары туурасында түшүндүрүү иштери жүрүүдө. Мындан сырткары ажыга барчуулардын документ иштери иреттелип, атайын үлгү боюнча тартипке келтирилип жатат”,-деди.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.