“Ысык-Көл өнүктүрүү” фонду тарабынан облустагы ооруканаларга 8 тез жардам унаасы тапшырылды. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, жаңы унааларды алууга фонд тарабынан 7 миллион 400 миң сом бөлүнгөн. Сатып алынган автооунаалар өтө муктаж болгон район, шаарларга бөлүштүрүлгөн.

Андан сырткары, аталган фонд облустагы медицина тармагын жакшыртууга аракеттерди көрүп келет.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз