Кытай илимпоздору ысык чайдын кекиртек рагы коркунучун арттыра турганын билдиришти.

Дүйнөлүк басылмага жарыяланган макалага караганда, изилдөө убагында 30-79 жаш курактарындагы 456,155 кишинин 10 жыл бою ден-соолугу жана тамактануу көнүмүштөрү иликтенди.

Буга караганда, күнүгө тынбай чай ичкен жана кеминде 15 грамм ичимдик ичкен кишилердин кекиртек рагына кабылуу коркунучунун 5 эсе артканы байкалды.

Иликтөөдө чылым чеккен кишилердин ушул эле ооруга кабылуу коркунучунун болсо 2 эсе артканы аныкталды.

Жылуулугу 65 °C жогору болгон суусундуктардын ички органдарга зыян тийгизгенин жана рак коркунучун арттырганын белгилешкен илимпоздор, ысык суусундуктар, алкоголь жана тамекинин чогуу колдонулбашы керектиги боюнча да эскертишти.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.