Кече 28-январь күнү 16:00 чамасында Ысск-Көл облусуна караштуу Каракол-Түп унаа жолунун 13-чакырымында Volkswagen Golf-2 Үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай Жыргалаң суусуна түшүп кеткен. Бул тууралуу КР ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Кырсыктын кесепетинен унаанын айдоочусу жабыркап, Ыссык-Көл облустук ооруканасына жеткирилген. Кырсык болгон жерге Каракол шаардык №15 өрт куткаруучу бөлүгүнөн 4 куткаруучу тартылып, сууга түшүп кеткен автоунааны Ак-Суу райондук жол кайгуул кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.