Бүгүн премьер-министр Кубатбек Боронов жана өкмөттүн мүчөлөрү ант беришет. Бирок  вице-премьер-министр Эркин Асрандиев коронавирус жуктуруп алгандыгына байланыштуу  бул иш-чарага катышпайт.  Анын анализинен вирус табылганын  өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Өкмөттүн маалыматында, вице-премьер-министр үйдөн иштеп жатат.  Оорусу жеңил өтүүдө.

Ошондой эле Өкмөттүн аппарат башчысы — Таалайбек Темиралиев, Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, Юстиция министри Марат Жаманкулов, транспорт жана жол министри Жанат Бейшеновдор дагы ант берүү аземине катышпайт. Алардын жоктугу Эркин Асрандиев менен байланышта болгондугу менен түшүндүрүлөт.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.