Кыргызстанда бир суткада 20 бейтап таажылуу вирустан айыкты.

Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Алардын ичинде Бишкек шаарынан 9, Жалал-Абад облусунан 2, Баткен облусунан 1, Ысык-Көл облусунан – 1, Нарын облусунан 7 бейтап бар.

Өлкө боюнча бүгүнкү күнгө карата жалпы 949 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.