Кыргызстанда сутка ичинде 9 бейтап таажылуу вирустан айыгып, үйлөрүнө чыгарылды.

Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Жаңы айыккандардын ичинде Бишкек шаарынан 5, Ош облусунан – 2, Нарын облусунан – 1, Ош шаарынан -1 бейтап бар.

Республика боюнча таажылуу вирустан айыккандардын саны 735ке жетти.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.