Бишкекте 17-ноябрдан баштап таажылуу вируска каршы ревакцинация (кайталап эмдөө) башталды. Саламаттыкты сактоо министрлиги тараткан маалыматка ылайык, жарандар бүгүнтөн тарта борбор калаадагы бардык убактылуу эмдөө пункттарынан COVID-19га каршы вакцинанын кошумча (үчүнчү) дозасын алса болот.

Калган аймактарда кошумча доза менен эмдөө бир жуманын ичинде башталат. Таажылуу вируска каршы вакцинанын кошумча (үчүнчү) дозасын орточо жана оор иммундук жетишсиздиги бар адамдар, мурда Sinofarm, Sinovac вакциналарды сайдырган 60 жаштагы жана андан улуу адамдар алат.

Ошондой эле вирус жугуу коркунучу өтө жогору медициналык кызматкерлерге, COVID-19 вирусунан жапа чеккен адамдарга да ревакцинацияга уруксат берилди. Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев буга чейин кайталап эмдөө адамдын антитело көрсөткүчү текшерилгенден кийин жүргүзүлөрүн айткан.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.