Өлкө аймагында дагы 10 медицина кызматкеринен таажылуу вирус аныкталды.

Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Учурда ооруну жуктуруп алган медицина кызматкерлеринин саны 157ге жетти.

Белгилей кетсек, 22-апрелге карата 22 адам вирусту жаңы жуктуруп алды.

Кыргызстанда илдетке кабылгандардын жалпы саны 612ни түздү.

Алардын ичинен 254 адам айыгып, ооруканадан чыгарылса, 7 адам каза болду.