Таажылуу вируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын маалыматында, акыркы бир сутка ичинде Кыргызстанда COVID-19 илдетинен дагы сегиз киши каза болду.
Алардын бешөө Бишкекте, экөө Чүй облусунда, бирөө Ысык-Көлдөгү ооруканада жаткан.

Ушуну менен өлкөдө таажылуу вирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери андан каза болгондор 1612ге жетти.

1-майга карата республика боюнча вирус дагы 477 кишиден табылды. Бул сентябрдан берки эң көп көрсөткүч.

Алардын эң көбү Бишкек шаарында (255), андан кийин Чүй облусунда (155), Ысык-Көл облусунда (28), Жалал-Абад облусунда (14), Нарында (9), Ош шаарында (8), Талас облусунда (5), Ош облусунда (3) учур аныкталды.

Акыркы күндөрдө илдет расмий аныкталгандар айыккандардан кыйла көп катталууда. Оор жугузгандар жана каза болгондор көбөйүп жатат.

Пандемияда илдетти жугузуп алгандар 95 752, айыккандар 89 461 кишини түздү. Бир күн аралыгында 270 бейтап айыкты.

 

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.