Вьетнамдын президенти Чан Дай Куанг каза болду, – деп мамлекеттик ЖМКга шилтеме берип Франс Пресс жазып чыкты.

Ал жергиликтүү убакыт боюнча саат 10:05те ооруканадан каза болгон (Бишкек убактысы боюнча саат 09:05), деп билдирет Вьетнам маалымат агенттиги.

Чай Дай Куанг 1956-жылы 12-октябрда Вьетнамдын батышындагы Ниньбинь провинциясында төрөлгөн. ИИМде кызмат өтөп, андан соң коомдук коопсуздуктук министри болгон. 2016-жылы өлкөнүн президенти болуп шайланган.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.