Россия президентти В. Путиндин кайрадан шайланышы менен Д. Медведев өкмөт башчылыктан кетет- деген, имиш – имиштер эл аралык ММКларда айтылып баштаган эле. Мындай божомолдорду жокко чыгарып, В. Путин инаграциясынан кийин саналуу саттардын ичинде өкмөттүн отставкасын кабыл алып, премьер-министрликке кайра эле Дмитрий Медведевди сунуш кылды. Шейшембиде бул маселе Мамлекеттик думанын жыйынында талкууланат.

Алдын ала маалыматтарга караганда, Мамлекеттик Думадагы айрым фракция өкүлдөрүнөн колдоо таппайт деген жоромолдор да жок эмес. негизгиси В. Путин менен Д. Медведев саясаттагы ынак өнөктөштөр катары тарыхта калары шексиз.

Булак: NewTV

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз