Казакстандын Жамбыл облусунда аялы менен уулун өлтүргөн адамга соттун өкүмү чыкты. Ал оорулуу деген себеп менен узак мөөнөткө дарыланууга жөнөтүлгөн. Бул туурасында казак басылмалары жазууда.

Маалыматта айтылгандай, дарыгерлер 55 жаштагы кылмышкердин талма оорусу бар экенин тастыкташкан. Сот залына да өзү келбегени кабарланган. Анын ордуна ишенимдүү өкүл катары тууганы келген.

Соттун мындай чечимине каза болгон аялдын иниси нааразы экендигин билдирген. 

Эске салсак, өткөн жылы Байзак аймагынын 55 жаштагы тургуну 30 жыл чогу жашаган аялын, 29 жаштагы уулун муздап салганы маалымдалган. 

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз