“Коопсуз шаар” долбоору ишке киргенден бери бир топ айдоочулар эреже бузбоонун аракетинде. Ал эми айрымдары амал издеп, камерага түшүп калуудан сактануу менен убара. Соцтармактарга жарыяланган бир нече сүрөттөрдөн унаа ээлери номерин ылай менен жашырып койгондорун көрүүгө болот.

Бирок аталган долбоорду ишке киргизип жаткан компаниянын өкүлдөрү жолдогу камералардын “бир нерсе чапталган” номерлерди да окуй турган аппараттык-программалык комплекси абдан күчтүү экенин белгилешкен. Мындай кабарды аталган “амалкөй” айдоочулар уга элек өңдөнөт.

Эскерте кетсек, “Коопсуз шаар” долбоору 12-февралдан тарта иштей баштады.

Сүрөттөр интернеттен алынды.