Бишкек шаарында 16-18-май күндөрү Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепкананын 85 жылдык мааракесин утурлай бир катар иш-чаралар болот. Бул туурасында аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, үч күн аралыгында “Санариптешкен доордогу китептин орду” конференциясы,республиканын китепканачыларынын ХI форуму сыяктуу иш-чаралар өтөт. Ошондой эле, азербайжан элинин улуу акыны Имадеддин Насиминин 650 жылдыгына карата китеп көргөзмөсү уюштурулат.

Белгилей кетсек, Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепкана 1934-жылы Кыргыз АССР чечими менен ачылган.

Эгерде сайттан катачылык тапсаңыз, текстти тандап, Ctrl+Enter баскычтарын басып, бизге жөнөтүнүз