Ушул жылдын март айынын аягында Кыргызстандагы банктарда улуттук валютанын көлөмү рекорддук көрсөткүчкө жетип, 104 миллиард сомдон ашты. Маалыматты Улуттук банктын сайтынан көрүүгө болот. Башкы банк аманат катары жаткан акчаларды эсепке алууда. Кеп жеке жана юридикалык тараптар тууралуу болуп жатат.

Март айынын аягындагы маалыматтар боюнча, депозиттердин жалпы көлөмү 184 миллиард 359 миллион сомго жеткен. Анын ичинен 104 миллиард 61,3 миллиону сом менен, калганы чет элдик валюта түрүндө сакталып турат.

Буга чейин улуттук валютанын көлөмү болгону үч ирет 100 миллиарддан ашкан. Августта 100,6 миллиард сомдон көбүрөөк, сентябрда 100,6 миллиард сом, ал эми декабрда 103,3 миллиард сомдон көбүрөөк болгон.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.