Улуттук банк соңку үч күндө катары менен интервенция жүргүздү. Мекеменин маалыматына караганда, 18-ноябрда сатыкка 1 миллион 300 миң доллар чыгарылды. Ага чейинки эки күндө 23 миллион 900 миң доллар интервенция болгон. Ушуну менен ноябрь айында төртүнчү, ал эми жыл башынан бери 19-жолу интервенция жүргүзүлүп, сатыкка жалпысынан 397,7 миллион доллар коюлду. Интервенцияны башкы банк улуттук валюта сомду колдоо максатында ишке ашырат. Бүгүн, 19-ноябрга карата доллардын расмий курсун Улуттук банк 84,77 сом деп аныктады, акча алмаштыруучу жайларда орточо сатуу курсу 84,85 сом болууда.

If you have found a spelling error, please, notify us by selecting that text and pressing Ctrl+Enter.